Бишкектин четиндеги “Ордо” коттедж шаарчасында Villa V Club рестораны күйүп жатат. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Маалыматка ылайык, мекемеде жаңы жылдык кече өтүшү керек болчу жана өрт чыккан учурда ресторан кызматкерлерин жана аниматорлорду эвакуациялоого алышкан. Өрт эмнеден чыкканы азырынча белгисиз.
ӨКМ өрт тууралуу азырынча маалымат бере элек.