• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкектин чок ортосунда 4 автоунаа кагышты (Видео)

10 Аяк оона 2020 11:38 Бишкек Govori.TV


Бишкек шаарында 4 автоунаа катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 9-сентябрь күнү саат 18:00дө Киев жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кагышкан унаалардын арасында инкассатордун машинасы дагы бар. Окуянын видеосу «Короче» Telegram каналына жарыяланды.

«Газель» маркасындагы инкассатордук унаа Калык Акиев көчөсүнө жеткенде Honda Fit менен кагылышкан. Окуяда «Газель» каптал жагына оодарылып кетип, жол четине токтоп турган Mercedes Benz жана Toyota Ipsum унааларына тийген.

Кырсыктан инкассатордук унаанын айдоочусу жабыркаган. Унаалар айып короого токтотулуп, териштирүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 174