• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкектин фонтандары кышка даяр

1 Жетинин айы 2022 14:42 Бишкек Govori.TV

«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин улантууда. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдирди.

Тазалыкчылар шаардык фонтандарды кышка даярдап, насос жана басым түтүктөрүнүн системаларын, насостук агрегаттарды тазалашты.

Алар ошондой эле чөйчөктөрдү жалбырактардан жана таштандылардан тазалап, электр насосторун жана жабдууларды алышты. Фонтан комплекстеринин жарык бергичтери да тазаланды.

Фонтандардын өз убагында жана сапаттуу иштеши үчүн насосторду, электр кыймылдаткычтарын, суу түтүктөрүн, электр панелдерин капиталдык ремонттон өткөрүү жана алмаштыруу иштери башталды.

Эске салсак, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын балансында 16 фонтан комплекси бар.

Количество просмотров: 112