• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

БУУ жаңжалдан жапа чеккендерге жардам берүүгө даяр

2 Бугу 2021 3:24 Бишкек Govori.TV

30-апрелде Нью-Йоркто Кыргызстандын Бириккен улуттар уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева дүйнөлүк уюмдун баш катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Йенча менен жолугушту.

Молдоисаева кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле уюмдан жаңжалда качып чыккан тургундардын үй-жайына кайтып келүүсүнө, талкаланган объектилерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.

https://twitter.com/kyrgyzmissionun/status/1388264789890174976?s=21

Йенча эл аралык уюм кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга көз салып жатканын билдирип, эки тараптын ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге жетишкендигин кубаттады. Ошондой эле БУУ Тынчтык орнотуу фондунун алкагында жаңжалдан жапа чеккендерге жардам берүүгө даяр.

28-29-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта каза болгондордун жалпы саны 34кө жетти, жараат алгандар 163 болду.

Жалпы жонунан 20 миңден ашуун киши үй-жайын таштап качып чыкты.

Количество просмотров: 181