• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Бишкектин көркүн ачкан жаңы парк ачылды (сүрөт)

30 Баш оона 201911:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.08.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 30-августта Бишкек шаарындагы Түштүк магистраль менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишиндеги парктын курулушу соңуна чыгып, жаңы парктын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков катышты.
«Бишкекте шаар куруу саясатында биринчи кезекте элдин ыңгайын эске алуу керек»,-деген мамлекет башчы жаңы ачылган паркты «Ынтымак» паркы деп атады.

Эс алуу жайынын жалпы аянты 10 гектарды түзүп, жаңы парктын аймагына Walt Disney кинокомпаниясы чыгарган мультфильмдердеги жаныбарлардын фигуралары коюлган. Жалпы жонунан фигураларды жасап орнотууга 200 миң сом сарпталган.

Количество просмотров: 62