• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Бишкектин Москва көчөсү ачылды

1 Жетинин айы 201910:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, Москва көчөсүнүн Манас проспектисинен баштап Абдрахманов көчөсүнө чейинки тилкесинде жол оңдоо иштери толугу менен аяктады.

«Аталган тилкеде бордюрлар алмаштырылып, шагылдуу-мастикалык асфальт бетон колдонулган. Москва көчөсү ачылгандан кийин Токтогул көчөсү кайрадан бир тараптуу болуп калды», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми коомдук транспорттор күнүмдүк график менен иштеп, №4, №8, №10 троллейбустар Москва көчөсү менен каттап баштады.

Количество просмотров: 21