Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкий кызматынан өз каалоосу менен бошотуу тууралуу арыз жазды. Бул маалыматты бүгүн, 28-сентябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Ал транспорт тармагын көзөмөлдөп келген.
Ал эми Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин милдетин Алмаз Бакетаев аткарып жатат. Ал экономика жана финансы тармагын көзөмөлгө алат.