• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкектин вице-мэри алмашты

4 Бештин айы 202011:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэринин жер, архитектура жана курулуш маселелери боюнча орун басары алмашты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мурда бул кызматты аркалаган Уланбек Азыгалиев өз арызынын негизинде жумуштан бошотулуп, анын ордуна Азамат Сагындык уулу дайындалды. Буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Азамат Сагындык уулу буга чейин мэриянын алдындагы Жер ресурстары башкармалыгын жетектеп келген.

Количество просмотров: 163