• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылды

27 Теке 202111:52 Бишкек Govori.TV

Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылды. Маалыматты Govori.TVга Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 26-июлда болжол менен эртең мененки саат 06:00 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 217-чакырымында Toyota Alphard унаасынын айдоочусу уктап кетип, бетон тосмону сүзүп алган.

«Унаада жүргүнчү катары Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев болгон, ал жана дагы эки жүргүнчү райондук ооруканага жаткырылган. Дагы бир жүргүнчү К.Т. жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Айдоочу М.А. жабыркаган эмес»,-деп билдиришти Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, текшерүү жүрүп жатат.

Количество просмотров: 249