• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

“Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын отканалары кышка даярдалууда

1 Баш оона 2022 13:27 Бишкек Govori.TV

“Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын отканалары кышка даярдалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, башкы инженер Нурмат Балтабаев борбордун батыш тарабындагы мектептерди, социалдык мекемелерди, ишканаларды, көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылган №6 участоктогу откананын даярдыгын текшерди.

Мэриядан белгилешкендей, ал №40, №59, №7 мектептерди, Лев Толстой жана Тойгонбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдү жылыткан отканалардын абалын көрүп чыкты.

Эске салсак, №6 участкадагы откана Биринчи май районуна караштуу №82, №96, №59, №40, №74 ж.б. мектептерди жылуулук менен камсыз кылат.

Количество просмотров: 86