• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан эки киши каза болду. Күз-кыш мезгилине даярдык…

7 Тогуздун айы 2021 15:05 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 7-октябрдагы маалыматына караганда, вирустан бир күндө эки киши каза болду.
Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2614 ​адам.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 104 адамдан табылды.

Өлкөдө COVID-19 инфекциясы жуккандардын жалпы саны 178 036 ​адамга жетти.
Бир күндө 84 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 451 ​адам жатат, дагы 690 бейтап үйдөн дарыланууда.

КҮЗ-КЫШКА ДАЯРДЫК

Быйыл Бишкекте күз-кыш мезгилине даярдык эрте башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы жылуулук 9-октябрда берилсе, быйыл 5-октябрда берилди.

“Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, абанын температурасы беш күн катары менен сегиз градустан төмөн болсо жылуулук берилиши керек деген эреже бар. Анын негизинде жылуулук бериле баштаган. Ошондой эле электр энергияны үнөмдөө үчүн мындай кадамга барганбыз. Азырынча 50 оорукана, 71 бала бакча, 65 мектеп жана 1 миң 903 турак үй жылуулукка кошулду. Маалыматтар саат сайын өзгөрүп турат”, — дейт ал.

Шаар мэри борбор калаада көмүр саткан алты отун базасы жана 10 стационардык пункт бар экенин айтат.

“Көмүрдүн басы 4 миң 800 сомго чейин көтөрүлүптүр, биз Монополияга каршы күрөшүү агенттигине кайрылып, бирге иш жүргүзүп жатабыз. Эгер баа негизсиз көтөрүлгөн болсо, анда чара көрүлөт”, — деп айтат мэр.

Жунушалиев кошумчалагандай, кышка карата 40 атайын техника, анын ичинен 26сы кар тазалоо техникасы даяр турат. Аны менен бирге жолго себүүчү 3 миң тонна туз алынды.

АБА МАЙДАНДА КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ КАРМАЛУУДАБЫ?

Москвадагы Шереметьево аба майданында бүгүн, 7-октябрдын таңында учуп барган Кыргызстандын болжол менен 300дөй жараны кармалып турганы тууралуу маалыматтар социалдык медиада таркап жатат.

Алардын эмне себептен кармалып жатканын билүү үчүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен аэропортко юристтер барганын кабарлашты.

Буга чейин социалдык медиада бала-чакасы менен учуп барган кыргызстандыктардын ID карталары чогултулуп алып, ар бири бирден өткөрүлүп, Орусияга келген максатын сурап жатышканы тууралуу маалыматтар тараган.

Элчиликтин басма сөз кызматы «Азаттык» радиосуна бул окуя боюнча юристтер аэропорттон кайтканда дагы толук маалымат берилерин маалымды.

Количество просмотров: 83