• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бийлик билмексен. Бектур Асановдун абалы оорлошту…

13 Бирдин айы 2018 16:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.02. 2018. Govori.TV

№47 абакта кургак ачкачылык кармап жаткан Бектур Асановдун абалы оорлошуп, оордунан туруп басуууга дарманы жетпей калды. Бул тууралуу саясатчынын жубайы Алтын Эркебаева билдирди.

Анын айтымына караганда, бүгүн кургак ачкачылык кармаганына 15 күн болгон. “Кечээ абалы оор болгондуктанбы, канчадан бери уруксат бербеген мага уруксат беришти. барсам, Бектурдун абалы абдан оор экен, туруп басууга да дарманы келген жок. Ал буга карабай, чындык үчүн, акыйкаттык үчүн койгон талабынан баш тартпай уланта берээрин айтты. Үмүтү Жогорку Кеңеште экен. Бирок, эч бир бийлик бутагы булардын каршылык акциясына карата жооп кылган жок. Бүгүн болсо эч кабарын айтпай жатышат, жолугууга мүмкүн болбой жатат»,-дейт ал.

Эске сала кетсек, “УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин” деген талап койгон Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Кубанычбек Кадыров 31-январдан бери “кургак ачкачылык” кармап жатышат.

 

Количество просмотров: 29