• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

“Биз мал багып жүрө берели дейт”. Абылгазиев логистикалык борбор боюнча үн катты

19 Бирдин айы 2020 20:10 Бишкек Govori.TV

Эл менен мамиленин жасалма түрдө бузулушунан улам Ат-Башыдагы логистикалык борборду сала турган компания долбоордон чыгууга аргасыз болуп жатканын билдирди. Негизсиз ызы-чууга кабылгандардын көп бөлүгүн жаштар түзгөнү өтө өкүнүчтүү. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бизнес-түзүмдөрдүн жана донордук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтканын өкмөттөн билдиришти.

Өкмөт башчынын айтымында, инвестор өзүнө бир нече милдеттерди алган. Долбоор 15 миң жумуш орунун түзмөк, алдыңкы жогорку технологиялык өндүрүш киргизилип, бюджетке ири көлөмдөгү акча которулмак.

Количество просмотров: 66