• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

«Биздин Азаттыкты сактап калалы!»: Жейми Флайга дагы бир ачык кайрылуу жасалды

22 Баш оона 201911:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.08.2019.Govori.TV.

19-августта Кыргыз өлкөсүнүн демократиялык коомчулугунун өкүлдөрүнүн атынан «Эркин Европа радиосу»/»Азаттык радиосу» радио уктуруу уюмунун президенти Жейми Флайга кайрылган ачык катты социалдык тармакка жарыяланган.

Ал эми бүгүн Атыр Абдрахматова өзүнүн фейсбук баракчасына «Биздин Азаттыкты сактап калалы!»,-деген колдоо ирээтиндеги кайрылуусун «Эркин Европа радиосу»/»Азаттык радиосу» радио уктуруу уюмунун президенти Жейми Флайга жана Кыргызстандын жалпы жарандарына жолдоду.

Анда Абдрахматова «Азаттыктын» бир катар жетишкендиктерин белгилеп, коомчулукту кайдыгер болбоого чакырып, баардык буга чейинки жана келечекте кылына турган иштерди баалай билүүгө үндөдү.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=10156770520851559&id=676656558

Эске салсак, буга чейин коомчулукта тараган кайрылууда «Эркин Европа Азаттык» радиосунун Борбор Азия кызматтарынын башчысынын милдетин аткаруучу Венера Жуматаева коррупцияга, бийлик, саясатчылар, саясый топтор менен тил бириктирүүгө, жердешчиликке айыпталып, калыстыктан тайып кеткен деген жүйө менен ага текшерүү жүргүзүү өтүнүчү болгон эле.

Количество просмотров: 15