• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

«Бизге келип акылдуу болуп, экономиканы үйрөтөсүңөр!». Сулайманов нааразы болду

30 Тогуздун айы 201912:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн ЖКнын жалпы жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов кесиптештерине кайрылып, өз пикирин айтты.

«Кичине тактап, билип алып сүйлөсөк болот. Экономиканы жакшы түшүнбөй туруп, бизге экономиканы үйрөтпөй эле койсоңуздар. Сары-Жаз, Кажы-Сай, Кызыл-Омпол биосфералык аймак. Ал эми Миң-Куш, Майлуу-Суу андай зонага кирбейт. Бирок Миң-Куш менен Майлуу-Суунун бүкүнкү күндө акыбалы кандай? Бүгүнкү күнгө чейин «хвостохранилищелерге» (калдык сактагыч) өзүбүздүн күчүбүз жетпей, дүйнөдөн, бүт жактан акча сурап жатабыз. Бизге келип акылдуу болуп, экономиканы үйрөтөсүңөр.

Бүт дүйнө экология менен күрөшүп жатат. Кыргызстан жаңы технологиялар менен иштесе болот дейсиңер. Кайсы технология менен, 50 жыл мурда бул эмнеге жабылды эле? 50 жыл өткөндөн кийин да ошонун азабын чегип жатабыз. Экономиканы башка жактан издегиле, экономиканы өзүңөр жакшы түшүнүп алгыла… Уран адамзатка каршы экенин кантип түшүнбөйсүңөр?», — деди эл өкүлү.

Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны башталды. Жыйында «Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору 3-окууда каралууда. Демилгечилер — депутаттар Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов, Канат Керезбеков, Мыктыбек Абдылдаев, Бактыбек Турусбеков, Дастан Бекешев, Жунус уулу Алтынбек.

Количество просмотров: 1159