Бишкек. 29.07.2019. Govori.TV
Чолпон-Ата шаарында Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын делегациялары катышкан Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 40-сессиясы өз ишин аяктады.
Тараптар БКТ 40-сессиясынын Протоколуна кол коюшту, биргелешкен инспекциялык топтор менен өтүү үчүн өткөрмө пункттарын такташты.
Тараптар кызматташтыкты тереңдетүүгө жардам бере турган БКТ 40-сессиясынын жыйынтыктоочу Протоколуна кошумча инструменттерди кошууну макулдашышты.
БКТ 40-сессиясы өз ара түшүнүшүү жана ынак коңшулук деминде өттү.