27-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту блогер жана Next телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы Адилет Али Мыктыбектин баш коргоо чарасын карап, узартты.
Буга чейин ал бир айга, тагыраагы 29-июлга чейин камакка алынган. Бүгүн сот жактоочу тараптын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн канааттандырбай, камак мөөнөтүн дагы бир айга, 29-августка чейин узартты.
Блогер өзүнө тагылган айыптарды сөз эркиндигине кысым катары баалап жатканын айтып, өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын белгиледи.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин “жапырт башаламандык” беренесинин негизинде кармалган.