• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Блогер “Sydyman” эки айга камакка алынды

19 Бирдин айы 2020 9:40 Бишкек Govori.TV

“Sydyman” деген ат менен таанымал болгон блогер эки айга камакка алынды.

Чечимди Октябрь райондук соту чыгарып, Элмир Сыдыманов №1 тергөө абагына (СИЗО-1) киргизилген.

Эске салсак, ал 17-февралда Жазык кодексинин 313-беренесинин негизинде (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) кармаган.

Блогер буга чейин өзүнүн “Инстаграм” баракчасынан түз эфирге чыгып, Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Анын сөзү интернетте кызуу талкууга алынган.

Количество просмотров: 180