Блогер Улукбек Карыбек уулунун бала бакчага балдар уктап жаткан учурда барып видеого тартып кеткени боюнча бир катар талкуулар жаралды.
Анын видеосу менен Бишкек мэриясынын пресс-кызматынын өкүлү Эргали Аманбаев бөлүшүп, коомчулукка жана укук коргоо органдарына кайрылган.
Кошумчалай кетсек, буга чейин блогер Улукбек Карыбек уулунун мэриянын иши боюнча жасаган материалы талкуу жараткан болчу. Анда ал Бишкекте жол оңдоп жаткан жумушчуларга барып, ишти кеч бүтүрүп жаткандыктарын айтып кайрылган.