• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Блогер Ырыс Жекшеналиев камакка алынды

15 Баш оона 2022 9:21 Бишкек Govori.TV

“Саясий туткун” баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев Ички иштер министрлигине жеткирилип, 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу маалымат Facebook социалдык тармагында жарыяланды.

Азырынча ИИМ буга байланыштуу комментарий бере элек.

Активист укук коргоо органдарынын мындай аракеттери президенттин Жетим-Тоо кенине байланышкан маселенин айланасында ким туура эмес маалымат таратып жатканын аныктоо чакырыгына байланыштырууда.

Мунун алдында, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоого байланыштуу кайрылуу жасаган. Анда кенди иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айтып, укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган.

Количество просмотров: 650