Бизде уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү болбой жатат же токтоп калган. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев билдирди.
Бир нече депутаттар бир катар фактыларды аташты, кимди өлтүрүп кетишти, кимдин бизнесин өрттөштү жана башка ушул сыяктуу. Ошонун негизинде мен айтып жатам, бизде кылмыштуулук менен күрөшүү болгон жок же токтоп калган. Мыйзамдар аткарылбай жатат. Муну карабасак болбойт, — деди эл өкүлү.