• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Болгер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыкты

19 Баш оона 2022 10:43 Бишкек Govori.TV

Баткен райондук соту блогер Батмакан Жолболдуеванын бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу облустук соттон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 18-августта чыккан. Келерки соттук отурум 8-сентябрь саат 14:00гө белгиленген.

Эске салсак, Жолболдуева журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып 28-мартта камалган. Баткен милициясы ага Кылмыш-жаза кодексинин «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “Документтерди жасалмалоо” жана “Бейбаштык” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 312