• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Журналисттин өлүмү боюнча кармалган блогер Жолболдуева камакта калтырылды

22 Чын куран 2022 10:09 Бишкек Govori.TV

Блогер Батмакан Жолболдуеванын 26-майга чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди 21-апрелде Ош шаардык сотунуну судьясы кабыл алды.

Ал эми Жолболдуеванын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева чечимге каршы облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрыла турганын айткан.

Эске салсак, буга чейин милиция журналист Арзыгүл Галымбетова 25-мартта кайрылып, ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева аны каралап жатканын айтып, арыз жазганын билдирген. Бирок мындан көп өтпөй эле журналист каза болгон.

“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” боюнча кылмыш иши козголгон. Иштин алкагында блогер Батмакан Жолболдуева кармалган.

Количество просмотров: 53