Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шер каза болду. Маалыматты анын жакындары ырастады.
Анын сөөгү Талас облусунун Манас районуна караштуу Чоң-Капка айылында жерге берилет. Бул тууралуу анын бир тууган иниси, депутат Садык Шер-Нияз фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.
Экс-депутат Болот Шер 61 жашында ооруканада көз жумду. Ал 12-июнга караган түнү инсульт алып ооруканага түшкөн.
Govori. TVнын эмгек жамааты Болот Шердин үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.