Бишкек. 05.02.2019.Govori.TV.
Бишкектин четиндеги «Манас» эл аралык аэропортуна «бомба коюлганы» тууралуу маалыматтан улам айрым каттамдар кечигип жатат. Аба майданынынын имаратынан бардык адамдар сыртка чыгарылган, издөө-иликтөө иштери уланууда.
Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, саат 17:05те Бишкек-Москва багытындагы каттам учушу керек эле. Жагдайга байланыштуу ал кармалууда. 18:05те Бишкек-Новосибирь багытына учак кетиши керек. Анын жол тартышы да кырдаалга байланыштуу болот.
Жадыбалга ылайык, саат 18:45те Ошко, 19:50дө Красноярскиге, 20:15те Алматыга жөнөчү каттамдар бар.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, аэропортко «жардыргыч зат коюлганы» жөнүндө 5-февралда саат 15:09дө маалымат түшкөн. Азыр маалымат берген адамдын да тек-жайы аныкталып жатат.
Кыргызстанда кай бир мекемеге, соода борборлоруна «бомба коюлганы» тууралуу күч органдарына телефондон буга чейин да көп маалымат берилген, бирок алар жалган болуп чыккан.