• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Боом капчыгайында балдар катышкан жол кырсыгы. Окуянын чоо-жайы

11 Теке 2021 17:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек — Торугарт унаа жолунун 128-чакырымында (Боом капчыгайы) балдарды ташып келе жаткан автобустардын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган бөлүмдөн кабарлашкандай, «Голливуд» лагеринен чыккан автобустар жол инспекторлорунун коштоосунда Бишкекти көздөй келе жатышкан.

«Кайгуул милициясынын алдында келе жаткан «Хонда» үлгүсүндөгү автоунаа бетон парапетти сүзүп алган. Аны көргөн автоинспекторлор дароо токтошкон. Артта келе жаткан эки автобус токтоп, бирок үчүнчү автобус кандайдыр бир себептерден улам токтобой келип астыдагы автобусту сүзгөн», — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматка караганда, бир чоң адам жана төрт бала жабыркап, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда жеринде тиешелүү кызматкерлер иштеп жатат.

Катталган кырсыктын кесепетинен жолдо тыгып пайда болгон.

Количество просмотров: 396