• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Борбор Азия мамлекеттери аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулукту жок кылууга чакырууда

6 Жетинин айы 2018 12:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.11.2018.Govori.TV.
Мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн, парламент мүчөлөрүнөн турган 60 ашуун катышуучу Борбор Азияда аялдар жана кыздар дуушар болгон гендердик зомбулуктун бардык түрлөрүнө каршы күрөшүүнун жалпы стратегияларын талкуулоо үчүн Бишкек шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун регионалдык конференциясына чогулушту.
Бул регионалдык конференция гендердик зомбулук көйгөйлөрүн чечүү жаатында олуттуу саясий жана мыйзам реформалар жана программалар жүзөгө ашырылып жатканда өтүүдө. Жогорку деңгээлдеги өкмөт өкүлдөрүнөн, парламент, жарандык коом мүчөлөрү жана Борбор Азия жана андан тышкары жактан келген эксперттерден турган катышуучулар аялдардын жана жаш балдардын укуктарын бузуп, коомго экономикалык жактан олуттуу зыян келтирген жана туруктуу өнүгүүгө тоскоол болгон гендердик зомбулук пандемиясын түп-тамырынан жок кылуу максатында кызматташтыкта иштөөгө убада беришти.
“Саясий чечимдерди жүзөгө ашыруу: Борбор Азиядагы аялдар жана кыздар дуушар болгон гендердик зомбулукту түп-тамырынан жок кылуу” аттуу 2 күндүк конференция БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), БУУнун гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү (БУУнун Аялдар тузуму), БУУнун Калк жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өнөктөштүктө уюштурулду.
БУУнун төрт агенттиги өнөктөштөрү менен биргеликте гендердик теңчиликти орнотуу, аялдардын жана кыздардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана региондогу аялдар жана кыздар дуушар болгон зомбулуктун бардык түрлөрүнө каршы күрөшүү аракеттерине өз салымын кошууда. Бирок катышуучулардын айтымында, дагы деле чечилбеген көйгөйлөр кала берүүдө.
Дүйнө жүзү боюнча ар бир үчүнчү аял, көбүнесе, ишенген жакын адамы тарабынан зомбулукка дуушар болот. Мындай нерсе зомбулукка күбө болгон балдардын аң-сезимин бузуп же балдар өздөрү зомбулукка кабылып, анын кесепетин өмүр бою тартышат. Борбор Азиянын көпчүлүк өлкөлөрү аялдар жана кыздар кабылганзомбулук көйгөйлөрүн чечүү саясатын иштеп чыгышканына карабастан, бул көрүнүш чөлкөмдө көйгөй бойдон кала берүүдө. Кыргыз Республикасынын[1] болжол менен 30% жана Казакстандын[2] болжол менен 20% зомбулукка дуушар болушкан, көбүнчөсү өнөктөшү тарабынан. Иш жүзүндө бул көрсөткүч алдаганча жогору болушу мүмкүн, себеби колдо бар маалымат жетишсиз же эски болуп, зомбулукка байланыштуу иштер ачыкка чыкпай, жашырылууда. Мындан тышкары, региондун көпчүлүк бөлүктөрүндөгү бойго жете элек кыздар эрте турмушка чыгууга мажбур болуп, ала качуу жосундарына туш болушат.
«Гендердик зомбулук феномен катары мамлекеттик чек араны тааныбайт. Гендерге, жашына, жашаган жерине, билим деңгээлине, мүлкүнө же социалдык статусуна жана башка социо-демографиялык айырмачылыктарга карабастан адамдар мындай зомбулукка кабылышы мүмкүн», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова. Кыргыз Республикасынын үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө мыйзам, чөлкөмдө алгачкы болуп, бул зомбулуктун түрүн кооптуу жана бардык фронттон жок кылынууга тийиштүү феномен катары тааныйт деп вице-премьер-министр айтты өз сөзүндө.
«Аялдарга жана кыздарга карата жасалган зомбулук адам укуктарынын фундаменталтуу түрдө бузулушун билдирет жана өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң залакасын тийгизет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн тийиштүү мыйзамдарды ишке ашырууда Кыргызстан өкмөтү чечкиндүү кадамдарды жасоодо. Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюму зомбулуктан эркин коомду куруу үчүн жасалган бур аракеттерди жигердүү колдойт», — деп баса белгиледи Кыргызстанда БУУнун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело.
Конференциянын катышуучулары региондогу жана андан тышкаркы аялдар жана кыздар дуушар болгон зомбулуктун алдын алуу жана жок кылуу жаатындагы ийгиликтүү тажрыйбаларды изилдеп чыгышты. Мындан тышкары, улуттук укуктук жана саясий алкактарды эл аралык стандарттарга ылайык жакшыртуу, зомбулуктан жабыр тарткандарга саламаттыкты сактоо, укук коргоо жаатында, укуктук жана социалдык сапаттуу тейлөө кызматтары менен камсыз кылуу жолдору, ошондой эле аялдар жана кыздар дуушар болгон зомбулукту бекемдеген социалдык ченемдерди трансформациялоо маселелери талкууланды.
«Аялдарга жана кыздарга карата жасалган гендердик зомбулукту жок кылуу үчүн так аныкталган, бардык жагдайларды эске алган жана адам укуктарын негиз катары койгон мамлекеттик программа зарыл», — дейт гендер боюнча адис жана аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жок кылуу боюнча БУУ комитетинин (CEDAW) мурдагы мүчөсү Виолетта Ньюбауэр. Ал кошумчалагандай, аялдарга, кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу, зомбулуктан жапа чеккендерди коргоо, кылмышкерлерди жоопко тартуу үчүн бардык мамлекеттик программалар, өлкөнүн ичиндеги кырдаалга карабастан, мыйзам нормаларына жана стандарттарына шайкеш келүүсү шарт.
Аялдар жана кыздар дуушар болгон зомбулуктан кутулууга болот деп катышуучулар белгилешти. Аны аялдарды жана кыздарды коргогон мыйзамдарды кабыл алып, иш жүзүндө колдонуу, укук бузгандарды жазалоо, баштапкы этаптарда зомбулукка жол бербөө чараларын көрүү, зомбулукка сабырсыздык маданиятын жайылтып, өздөштүрүү жана зомбулуктан жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү кызматтары аркылуу токтотууга болот.
Конференция Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринде аялдар жана кыздар дуушар болгон гендердик зомбулукту түп-тамырынан жоюу максатында кызматташтыкты бекемдөө сунуштары менен аяктайт.
Количество просмотров: 21