• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Борбор Азиядагы зыяндуу калдыктар коркунуч жаратат

22 Жетинин айы 2018 18:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.11.2018.Govori.TV.

Борбор Азиядагы, анын ичинде Миң-Куш жана Майлуу-Суудагы зыяндуу калдыктар көмүлгөн жайларды реабилитациялоого 85 миллион доллар керектелет. Бул тууралуу журналисттер менен өткөн брифингде Еврокомиссиянын башкы программалык менеджери Мартин Андерсен билдирди.

Анын айтымында, 30 миллион доллар чогулду. “Дагы 50 миллион керек. Бирок биз бул акча качан топтолот деп күтүп отура бербейбиз. Пландар даяр. Бизде фонд бар. Жер титирөө болуп, радиациянын чыгышын күтүп тура албайбыз. Эл аралык донорлор өз милдеттемелерин аткарса дейбиз. Борбор Азияда чыныгы иштер жана натыйжалар болуп жатканын көрүшсө, алар да бул ишке кошулушат”, — деди Андерсен.
Буга чейин Европа Биримдиги Фергана өрөөнүндөгү уран калдыктары көмүлгөн жайларды реабилитациялоо долбооруна 10 миллион евро бөлөрү кабарланган.
Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанга бөлүнүп бериле турган бул каражат уран калдыктары сакталып жаткан жети аймакта экологиялык кырсыктарды алдын алууга, зыянды азайтууга жумшалат.
Буга чейин Европа Биримдиги 16 миллион евро берген болчу.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда уулуу жана радиоактивдүү заттар көмүлгөн 92 жай бар. Алардын 36сы Майлуу-Суу шаарында жайгашкан. Алардын 23үндө уран, оор металлдар жана цианид калдыктары бар. Уулуу жана коркунучтуу заттардын жалпы көлөмү 2,9 миллион кубметрди түзөт.

Булак: centralasian.org

Количество просмотров: 32