Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 15-июнда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагындагы Кожокелен айылында эски жер көчкү жылып ал аймактагы беш үйдүн 39 жашоочусу коопсуз жайга көчүрүлгөнүн билдирди.
Мекеме адистер жер көчкүгө атайын белги орнотушканын, активдилүүгү көзөмөлгө алынганын кошумчалады. Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 100 миң метр куб деп эсептелди.
Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти 9-июнда бул аймакта жер көчкү коркунучу бар деген корутунду чыгарып, жергиликтүү тургундарга көчүү сунушун берген.