• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Борбор Азиядагы Америка университетинин мурдагы президенти Кыргызстандан чыгарылат

17 Теке 202110:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Борбор Азиядагы Америка университетинин мурдагы президенти Энрю Качинске өкүм чыгарды.

Качинс Жоруктар жөнүндө кодексинин 123-беренеси (Сатуу максатысыз анча көп эмес өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун мыйзамсыз даярдоо) менен күнөөлүү деп табылып, 60 миң сом айыпка жыгылды.

Өкүм күчүнө киргенден Качинс Кыргызстандан АКШга депортацияланышы керек.

Теги:
Количество просмотров: 298