• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Борбор калаадагы Орто-Сай базарынын соодагерлерине кассалык аппараттар бекер берилди 

12 Баш оона 202418:35 Бишкек Govori.TV

 Бишкекте Орто-Сай базарынын соодагерлерине кассалык аппараттар бекер берилгенин муниципалитеттен билдирди.

Кассалык чектердин берилишин көзөмөлдөө максатында Октябрь администрациясы райондук салык кызматынын башкармалыгы менен бирдикте базарды текшерип, товарды сатууда квитанция милдеттүү түрдө берилиши керектиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Белгиленгендей, мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, салыктын ставкалары жылдык кирешелерден 15 млн сомго чейин 0%, 30 млн сомго чейин 0,5 пайыз жана 50 млн сомго чейин 1 пайызды түзөөрү боюнча соодагерлерге маалымат беришти.

ККМ тарабынан берилген ар бир чек менен мамлекетке гана эмес, ак ниет салык төлөөчүлөргө да сезилерлик пайда болоорун айтышты.

Количество просмотров: 105