• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Борбор калаага Турдакун Усубалиевдин ысымын берүү сунушталды

4 Жетинин айы 2019 17:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар уланууда. Бүгүн, 4-ноябрда Нарын шаарында мамлекеттик жана саясий ишмердин эстелиги ачылып, ага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, коомдук ишмерлер жана саясатчылар катышты.

Ал эми Улуттук филармонияда салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Анда эмгек сиңирген куруучу Асан Давлетов Турдакун Усубалиевдин юбилейи мамлекеттик деңгээлде уюштурулбай жатканына нааразы болду.

«Кайсыл бир көчөгө Усубалиевдин ысымын бербей, баш калааны анын урматына атасак болбойбу», — деп суроо салды ал.

Эске салсак, буга чейин эски аянтка жана Тянь-Шань тоосунун чокуларынын бирине Турдакун Усубалиевдин ысымы берилген.

Количество просмотров: 1770