• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы үй камагына чыкты

4 Кулжа 2020 18:30 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев үй камагына чыгарылды. Анын бөгөт чарасын ушинтип өзгөртүү тууралуу чечим Бишкектин Октябрь райондук сотунда 3-июнда кабыл алынганын «Азаттыкка» шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) быйыл февраль айында Айбашев №1 тергөө абагында отурганын маалымдаган.

Нурбек Айбашевди 2018-жылы 25-майда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын адистери кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча айып коюлган.

Тергөө учурунда Айбашев Кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келген компанияларга көмөктөшкөнү аныкталган. Ишти Октябрь райондук соту карап жатат.

Количество просмотров: 71