• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Боронов КЭР Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Кэцян менен жолугушту

9 Тогуздун айы 2019 17:39 Бишкек Govori.TV

Кытай Эл Республикасында жумуш сапарында жүргөн Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов КЭР Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцянга Кыргыз Республикасынын премьер-министринин атынан салам жолдоп, кыргыз тарап стратегиялык өнөктөшү –Кытай Эл Республикасы менен достук мамилелерин бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө олуттуу маани берерин белгиледи.

«Жогорку деңгээлде болуп өткөн сапарлар муну далилдеп турат. Алардын жүрүшүндө тараптар эки жактуу маанилүү макулдашууларга жетишишти. Ушуну менен бирге КЭР Өкмөтүнө кыргыз тарапка көрсөткөн колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Кытай биздин өлкө үчүн маанилүү соода жана инвестициялык өнөктөш. Республикада энергетика, транспорт, кен иштетүү, кызмат көрсөтүү, логистика чөйрөлөрүндө көп сандагы кытай компаниялары ийгиликтүү иштеп жатышат», — деп белгиледи ал.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов маектешин Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы менен куттуктада. Бул жылдарда бир кыйла өзгөрүүлөр болгон.

Өз кезегинде КЭР Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге салам жолдоп, биздин өлкөлөр жакшы алакадагы, жемиштүү жана көп пландуу кызматташтык жүргүзгөн коңшулар экендигин ырастады.

«Эи жактуу мамилелерди мындан ары карай тереңдетүү үчүн тараптардын бекем негизи бар. Кытай Эл Республикасы жана Кыргыз Республикасы маанилүү, анын ичинде эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү коргоо маселелеринде ар дайым бири-бирин колдоп келишет. Акыркы жылдары бардык багыттар боюнча байланыштар активдешти, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар болуп, соода-экономикалык кызматташтык кеңейүүдө. КЭР кыргыз тарап менен практикалык жана инвестициялык өз ара аракеттешүүнү бекемдөөгө, жагымдуу инвестициялык климатты жана тиешелүү шарттарды түзүүгө умтулат», — деди КЭР Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян.

Маалымдама: Учурда биздин өлкөдө Кытай Өкмөтүнүн колдоосу менен төмөнкү долбоорлор жүзөгө ашырылууда же макулдашуу баскычында:

— ичүүчү таза суунун жеткиликтүү болушу;

— Бишкек шаарынын жолдорун жакшыртуу;

— Бишкек шаарынын жолдорунун үстүңкү катмарын калыбына келтирүү;

— ирригация системасын реконструкциялоо;

— «Мобилдик оорукана» жана өрт-куткаруу техникаларын ташып келүү;

— Айыл чарба технопаркынын жана товардын сапатты текшерүү боюнча (сертификациялоо) лабораториялардын курулушу;

— археологиялык эстеликтерди жана бир нече маанилүү делген долбоорлорду изилдөө жана сактоо.

Бул долбоорлордун баары гранттык негизде жүзөгө ашырылууда.

Белгилей кетсек, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жумушчу сапарынын алкагында «Багбанчылык боюнча Кытай эл аралык ЭКСПО — 2019» жабылыш аземине катышат.

Количество просмотров: 36