• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Боронов: «Кумтөр боюнча ар бир жаңы келишимде ар кандай сандар жазылган»

10 Аяк оона 2019 17:57 Бишкек Govori.TV

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында 16 миң гектар жер «Кумтөр» долбооруна кен казыш үчүн берилип кеткен» деген маалыматты четке какты.

«Кумтөр боюнча ар бир жаңы келишимде ар кандай сандар жазылган. Бирок 26 миң 660 гектар жер 1997-жылы эле берилген. Андан кийин өкмөт, мамлекет 1 гектар жер да кошуп берген эмес. Тескерисинче, кийин тактай келгенде 26 миң 400 гектарга чейин азайган»,-деди Боронов.

Количество просмотров: 43