• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Босого чекти 7% кылуу тууралуу мыйзам долбоор 2-окууда жактырылды

4 Кулжа 2020 17:19 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн 4-июндагы сессиясында «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбооруна сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда колдоп, добуш берүүгө жиберди.

Долбоорго ылайык, парламенттик шайлоонун босогосу тогуз пайыздан жети пайызга төмөндөтүлүшү керек. Ал эми шайлоо күрөөсү беш миллион сом бойдон калат.

Депутаттар бул жолу суроо берип, талкуу жаралган жок, мыйзам долбоору добуш берүүгө токтоосуз жөнөтүлдү. Жыйынтыгында 104 депутат макул деген добуш берип, эч ким каршы болгон жок.

Буга чейин 14-майда мыйзам долбоору тармактык комитетте, андан кийин сессияда биринчи окуудан өткөн.

Количество просмотров: 42