• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бостериде парашют менен учкан жаран аттракционго илинип калган (видео)

15 Теке 202311:01 Бишкек Govori.TV

Бостериде парашют менен учуп бара жаткан жигит аттракционго илинип калган. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылындагы пансионаттардын бириндеги каруселге 2 жаран парашют менен илинип калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган адамдарды жергиликтүү тургундар менен биргеликте аман-эсен түшүрүшкөн. Аталган жарандардын ден соолугуна зыян алып келген эмес, абалдары туруктуу.

Буга чейин социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн Бостери айылында парашют менен учуп бараткан жигит аттракционго илинип калганы тууралуу видео тараган.

Количество просмотров: 133