• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бостериде туристи сабаган таксинин айдоочусу изделүүдө

30 Теке 2018 15:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.07.2018.Govori.TV
Россиянын жараны Ысык-Көл районунун Бостери айылында таксист тарабынан сабалганын айтып, арыз менен милиция кайрылды.Бул тууралуу Ысык-Көл РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Таксист менен россиялык жаран кайым айтышып, таксист унаа жуучу жайдын жанында унааны токтотуп туристти бир нече адам менен сабап салган.
Маалыматта  «Ысык-Көл РИИБге арыз менен кайрылган адам Санкт-Петербург шаарынын тургуну. Анын айтымында, 28-июль күнү саат 19:00 чамасында 7 жаштагы кызы менен Чолпон-Ата шаарына барууну чечкен. Ал кызы менен «Золотые пески» пансионатында эс алып жатышкан. Алар такси менен бара жатканда айдоочу жолдон бир нече жүргүнчү алууну чечкен. Буга ачуусу келген россиялык турист башка жүргүнчүлөрдү албоону айткан»-деп жазылат.
Бул боюнча кылмыш-жаза кодексиндеги 234 (бейбаштык)- беренеси боюнча кылмыш иши козголуп,тиешелүү экспертизалар дайындалды.  Учурда  шектүүлөр изделип жатат.
Количество просмотров: 4