Алтынай Ботоярова “Аалам периси” сынагында кийип чыккан көйнөгү үчүн кыргыз элинен кечирим сурады. Бул тууралуу билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жайгаштырган.
“Ооба, сиздердин сын дагы туура, кыргызда кызды кадырлайт, урматтайт. Акылман Курманжандай энебизди чыгарган улуу элбиз. Мен сынды туура кабыл алып, кийип чыккан көйнөгүм сиздердин ачууңуздарды келтирсе, ал үчүн кечирим сурайм. Албетте, мен башка ойду айткым келген, болгону 18 жаштамын. Жаштык кылып балким жетиштүү деңгээлде ойлогон максатымды ачып бере албай калгандырмын», — деп жазат ал.
Эске салсак, 14-январда “Аалам сулуусу” деп 28 жаштагы АКШнын аруусу табылды. Аталган эл аралык сулуулар сынагына 84 өлкөнүн бийкечтери ат салышып, Кыргызстандын атынан Алтынай Ботоярова катышкан.