• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026


Актау шаарында жылуу суу өчүрүлдү

6 Бештин айы 202216:15 Бишкек Govori.TV

Актау шаарында бийлик калкты үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоо үчүн ысык сууну өчүрүүгө мажбур болду. Бул тууралуу Актау шаарынын акими Ербол Избергеновдун кайрылуусунда айтылат.

Аткаминер бул «МАЭК-Казатопром» ишканасынын жабдуулары эскерип, пландуу түрдө ремонт иштери жүргүзүлүп жатканы менен түшүндүрдү.

«Жарандарды жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн биз жылуу сууну убактылуу токтотууга аргасыз болдук. Бул абал менин жеке көзөмөлүмдө. Ушул тапта көйгөйдү кыска убакыт аралыгында чечүү үчүн бардык күчтөр тартылды», —деди Ербол Избергенов.

5-декабрь күнү эртен менен Актау шаарында жылуу суу өчүрүлгөнү белгилүү болгон. Жашоочулар жылуу суу эмес, иче турган суу да жок болуп жатканын кабарлашкан. «МАЭК» жана «Каспий жылу, су арнасы» ишканалары муздак суу өчүрүлбөгөнүн билдиришкен.

Количество просмотров: 102