Британия королевасынын жолдошу, принц Филипп Эдинбург герцогу 100 жашына эки ай жетпей каза болду. Бул кабарды Twitter соцтармагына Букингем хансарайы жайгаштырды.
«Терең кайгыруу менен Королева өзүнүн сүйүктүү жолдошу, приц Филипп, Эдинбург герцогунун өлүмү тууралуу кабарлады. Ал бүгүн эртең менен Виндзор замогунда үзүлдү», — деп билдирүүдө жазылган.