• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Британия тажик мигранттарына эшигин ачууда

22 Чын куран 2022 20:12 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын миңден ашуун жараны Улуу Британияга жумушка баруу ниетин билдирди. Эмгек мигранттарын ишке орноштуруу менен алектенген компания азыр 200дөн ашуун кишини тандады. Тажикстандын Миграция кызматы Улуу Британияга 500 тажикстандыкты айыл чарба жумуштарына жөнөтүүнү пландоодо.

Күн мурун Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыздоо министрлигинин Миграция кызматы Тажикстандын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы элчилиги менен Улуу Британияда айыл чарба жумуштарына иштөөнү каалай тургандарды тандай баштаганын билдирген. Жумушка 22 жаштан 45 жашка чейинки жалпы деңгээлде англис тилин билген жарандар чакырылууда.

Маалыматка караганда, тажик жарандары Улуу Британияга өз эсебинен барышат. Сезондо алар күнүгө 8 сааттан иштеп, ар бир саат үчүн 12 доллардан алышат.

Количество просмотров: 91