• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Санкт-Петербургда кармалган тажик мигранттары депортацияланат

8 Бугу 2023 9:00 Бишкек Govori.TV

4-майда Санкт-Петербург шаарынын базарларындагы рейд учурунда кармалган 50дөн ашык эмгек мигранты Орусиядан депортацияланышы мүмкүн.

Орусиянын бийлиги кармалгандар кайсы өлкөлөрдүн жарандары экенин билдирген жок. Бирок «Озоди» радиосу бир нече кишиге таянып, ондон ашык тажикстандык мигрант чет элдиктерди убактылуу кармоочу жайга жеткирилгенин кабарлады.

«Интерфакс» агенттиги Санкт-Петербург шаарынын укук коргоо органдарына шилтеме кылып, кармалгандар миграциялык мыйзамдарды бузганын, алар териштирүү жана протокол түзүү үчүн полиция бөлүмдөрүнө жеткирилгенин жазды.

«Административдик тергөөдөн кийин мыйзамдарды одоно бузган мигранттар чет элдиктерди убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, кийин Орусиядан чыгарылат жана бир нече жылга өлкөгө кирүүгө тыюу салынат», — деп жазылган агенттиктин билдирүүсүндө.

Буга чейин орус бийлиги акыркы бир нече жылдын ичинде өлкөдөн 300 миңге жакын тажик жараны чыгарылып, алардын 3-5 жылга чейин Орусиянын аймагына кирүүсүнө тыюу салынганын билдирген.

Количество просмотров: 132