• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

БШК: 19 миңден ашык шайлоочу тилкеден тышкары добуш берүүгө арыз берди

10 Чын куран 2021 12:28 Бишкек Govori.TV

11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Башмыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдумда 19 298 адам добушканадан тышкары жерде добуш берүүгө арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 9-апрелде маалымдады. Ага ылайык, арыз бергендердин басымдуу бөлүгү Бишкекте — 4990 шайлоочу, андан кийин Ош облусунда — 3811, Чүй облусунда 2830, Жалал-Абад облусунда — 2691, Ош шаарында 1,5 миңден ашуун шайлоочу.

Боршайкомдун маалыматына караганда, добушканадан тышкары жерде шайлоочулардын тизмесинде катталган, бирок саламаттыгына же майыптыгына байланыштуу тилкеге келе албаган жарандар, добуш берүү күнү ооруканада, убактылуу камоочу жайларда, тергөө абагында камалып турган шайлоочулар, алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда — жайлоолордо убактылуу жашаган шайлоочулар, нөөмөтчү аскер, милиция кызматкерлери, вахта ыкмасы менен иштеген шайлоочулар, үй камагындагы жарандар добуш бере алышат.

Добушканадан тышкары жерде добуш берүү шайлоого бир күн калганда, саат 8:00ден 20:00гө чейин жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 70