• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

БШК автоматтык эсептөөчү урналардын 4,8 миӊ операторун окутту

24 Жетинин айы 2021 10:01 Бишкек Govori.TV

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 28-ноябрга дайындалган Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого техникалык жактан даяр. Бул тууралуу Маалыматтык шайлоо тутумунун (МШТ) жана автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) программалык камсыздалышын жакшыртуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Марс Наспеков маалымдады.

БШКнын балансында 5716 автоматтык эсептөөчү урна бар, алар учурда диагностикадан жана шайлоо алдындагы даярдыктан өтүп жатат жана ар бир шайлоо участкасына экиден бөлүштүрүлөт. Резервдегит АЭУлар аймактык шайлоо комиссияларына (АШК) бөлүштүрүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы жаӊы тутум боюнча шайлоону өткөрүүдө шайлоо жабдууларын колдонуунун өзгөчөлүктөрү боюнча системдик операторлорду окуудан өткөрдү.

Алар өз кезегинде 4870 автоматтык эсептөөчү операторду окутушту. Операторлорго АЭУнун конфигурациялары, термопринтерди иштетүү, тесттик добуш берүүнү өткөрүү, участкалык шайлоо комиссиясынын отчетун жана протоколун серверге жөнөтүү тууралуу айтып беришти. Түзүлүштү диагностикалоо, бюллетенди каллибровкалоо тууралуу кеӊири түшүнүк берилди. Окуунун жүрүшүндө операторлор бюллетень тыгылып калган учурда кантип оӊдоо керектиги, талапкер чыгып кеткен учурда АЭУну кантип тууралоо керектиги боюнча көндүмдөргө ээ болушту.

Ошондой эле БШК коргоо тутумдарынын үзгүлтүксүз иштөөсү жана маалыматтардын коопсуздугу үчүн бардык чараларды кабыл алып, киберкоопсуздук боюнча туруктуу негизде иш жүрүп жатат.

Количество просмотров: 95