Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо добуш сатып алуу фактылары аз болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.
«Региондордон аталган факты боюнча 1-2 маалымат түштү. Учурда текшерилип жатат. Буга чейинки шайлоодо бир күндө добуш сатып алуу боюнча 147 кайрылуу түшкөн», — деп билдирди Шайлдабекова.
Белгилей кетсек, 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдум өттү. Соңку расмий маалыматтарга караганда, 17 талапкер катышкан президенттик шайлоодо Садыр Жапаров көбүрөөк добуш алды. Референдумдагы добуштардын 80% ашууну президенттик башкаруу формасын колдоп, 1 409 422 жаран шайлоого катышты.