Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 21 факты катталды. Бул тууралуу ИИМдин тергөө бөлүмүн башчысы Султан Макилов маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, добуш сатып алуу боюнча 11 факты, калгандары шайлоого тоскоолдук кылуу жана майда бейбаштык фактылары.
“Катталган фактылардын ичинде кылмыш жана жоруктар бар. Кылмыштар боюнча 14 иш ал эми жоруктар боюнча 7 иш катталды”, – деди Макилов.
ИИМ өкүлү аталган фактылар иликтенип жатканын кошумчалады.