• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

БШК КЭДП партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу чечим кабыл алды

24 Чын куран 2021 3:33 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы КЭДП/НДПК партиясын шайлоодон четтетү чечимин кабыл алды.

Мындай жыйынтык үчүн БШКнын тогуз мүчөсү “макул” деп добуш берсе, эки мүчөсү каршы болду. Партияга бул чечимден кийин Бишкек шаардык кеңешине мандат берилбейт.

Түн оогонго чейин уланган жыйындан кийин Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясынын мүчөлөрү БШКнын чечимине макул эместигин билдиришти. Алар Борбордук шайлоо комиссиясы кайсы бир тараптын буйругун аткарганын белгилеп, сотко кайрыла турганын айтышты.

Буга чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 18-апрелдеги жыйында НДПК партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу чечим кабыл алган. Буга атайын кызмат менен милициянын аталган партияны “добуш сатып алууга” айыптаган документтери негиз болгон.

НДПК Бишкек шаардык кеңешке шайлоодо жети пайыздык чектен өткөн алты партиянын ичинен маарага үчүнчү болуп келген. 

Партияны Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов сүрөөнгө алганы тууралуу сөз бар. КЭДПны генерал-майор Артур Медетбеков негиздегени белгилүү.

Количество просмотров: 391