• Шаршемби 2 Бештин айы 2020

БШК: Кыргызстан аймагында №2 форма эми колдонулбайт

6 ноября 2020 в 17:25 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан аймагында №2 форма эми колдонулбайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 6-ноябрда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, №2 форма боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди.

“Ага ылайык, өлкөнүн аймагынан тышкары жүргөн жарандар гана №2 форма боюнча добуш бере алат. Калган категориядагы жарандар өз шайлоо тилкелеринде гана добуш берет. Бирок бул мыйзам күчүнө кире элек”, – деди Шайлдабекова.

Эске салсак, 22-октябрда Жогорку Кеңеште шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырылып, 84 депутаттын макулдугу менен колдоо тапкан. Каршы добуш бергендер болгон эмес.

Аталган мыйзам долбоорун депуттар Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Жанар Акаев, Абдывахап Нурбаевдер демилгелеген.

Аталган мыйзам долбоорунда 7 пайыздык босогону 3 пайызга, 5 миллион күрөөнү 1 миллион сомго чейин төмөндөтүү жана №2 форма менен добуш берүүгө чектөө киргизүү каралган.

Количество просмотров: 31