• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

БШК президентти шайлоо 10-январда өтөт деп чечим кабыл алды

24 Тогуздун айы 202013:23 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 24-октябрдагы жыйынында ушундай чечим кабыл алынды.

4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразылык массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер президент жана Жогорку Кеңеш отурган имаратты басып алышкан. Созулган митингдерден соң, Кыргызстанда бийлик толугу менен алмашкан.

Количество просмотров: 370